Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо мыйзамдуулукту сактоо менен өтүшү керек. Мамлекет башчылыгына талапкерлер жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына өздөрү тууралуу жарнамалык негиздеги маалыматтарды чыгарууда анын суммасы канча болору жана чагылдыруу тартиби бекитилди.
Жалпыга маалымдоо каражаттары мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүдө кандай талаптардын негизинде чагылдырышы керектиги тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты. Анда жаңылыктардан сырткары жарнамалык негиздеги тактайлар, колго таркатылчу кагаздар тууралуу да эрежелер киргизилген.