Жаңылыктар
Алдыдагы шайлоолордо жана конституцияга өзгөртүү киргизүүдө өлкөдө туруктуулукту сактоо маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы шайлоолордо жана конституцияга өзгөртүү киргизүүдө өлкөдө туруктуулукту сактоо маанилүү

Келерки жылы өтө турган президенттик, парламенттик шайлоолордо жана конституцияга өзгөртүү киргизүүдө өлкөдө туруктуулукту сактоо маанилүү. Бул багытта өзгөрүүлөрдү колдогон жана ага каршы пикирин билдирген топтордун өкүлдөрү биригип, талкуу өткөрүп жыйынтыгында резолюция кабыл алышты. Анда алар өзгөрүүлөрдөн кийин өлкөнүн бүтүндүгү сакталып, туура багыт алууга үндөгөн.

Саясий кризистен чыгуу максатында азыркы абалга туура багыт бере турган талкуу болуп, ага коомго сөзү өтүмдүү талдоочулар катышып бир пикирге келишти. Алар президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүп, конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүудө өлкөдө туруктуулуктун сакталышына кызыкдар.