Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Мен үчүн элдин талабы жана эрки – баарынан улук
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Мен үчүн элдин талабы жана эрки – баарынан улук

Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун өлкө аймактарына болгон иш сапары уланууда. Бүгүн Ош облусунун эли менен жолугуп, аларды түйшөлткөн бир катар көйгөйлөрүн укту, айрымдары жеринде чечилди.

Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Ош жергесинин тургундары менен жолугушуусу -ачык асман алдында- борбордук стадиондо өттү. Баарлашууга келгендин ар биринин дене табы өлчөнүп, беткап берилип, санитайзерлер колдонулуп турду.