“Семетей” госпиталы коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алууга толугу менен бир жума ичинде даяр болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, лабораториясы даяр болду, реанимация бөлүмүндө 35, дарылоо бөлүмүндө 250 орун ачылды. 4-ноябрда медициналык жабдык жана техника орнотула баштайт. “Семетей” госпиталы “Манас” аэропортунун жанында, мурдагы “Ганси” авиабазасынын ордуна ачылган.