Жаңылыктар
Акыркы сутка ичинде коронавирус 400 адамда аныкталып, 4 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы сутка ичинде коронавирус 400 адамда аныкталып, 4 бейтап каза болду

 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 400 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, коронавирусту Бишкекте - 88, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда - 59, Ош облусунда - 33, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 97, Баткен облусунда - 68 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 547 адам сакайып чыкты. Коронавирустун жалпы 51 миң 288 адам айыкса, 60 миң 279 киши ооруга кабылды. Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 367 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 889 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 11, стационардан 8 медкызматкер чыгарылды.Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 624 учур катталды, алардын ичинен 3 359 медкызматкер айыгып чыкты.