Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын элчиси Тарик Ханды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев өлкөдөгү кырдаал акырындык менен турукташып жаткандыгын, ошондой эле саясий процесстердин конституциялык талаага кайтып келиши тууралуу айтты. 

Кыргыз өкмөтү мыйзамдардын негизинде чет элдик инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөт деди Казакбаев. Эки тараптуу кызматташуунун абалы, келечеги жөнүндө пикир алмашып, саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргызстан менен Пакистан өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.