Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту. Чогулгандардын алдында Садыр Жапаров көпчүлүк жарандарды кызыктырган 10-январга белгилеген Президенттик шайлоо боюнча суроого өзүнүн позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын айтты.
«Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда. Жогорку Кеңеш өз убагында Президенттик шайлоонун датасын белгилей алышкан жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам - мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында шайлоого катышам», - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт деп так белгиледи. Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш - бул административдик ресур экенин айткан Жапаров, өзү биринчилерден болуп муну менен күрөшө турганын кошумчалады.