“Бишкек-Новосибирск” жана “Ош-Новосибирск” багыттары боюнча аба каттамдары жанданууда. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Учурда “Аэрофлот” жана “Авиа Траффик” авиакомпаниялары “Бишкек-Москва” багыты боюча жума күндөрү каттап жатат. “Россиянын жана Кыргызстандын жарандары дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү “Аэрофлот” авиакомпаниясынын “Бишкек-Москва” багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп кете алышат.
Негизинен Россия жарандарынын ата-энеси, балдары жана жубайлары, туруктуу жашоого уруксат берүүчү документи бар жарандар, дарыланууга муктаж адамдар россиялык медицина мекемесинин чакыруусу болсо, мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары уча алат. Россияга учуп кетүү үчүн Кыргызстандын жарандарында ПЧР-тесттин жыйынтыктары болуп, тест акыркы үч күн ичинде жасалган болушу керек.