Жаңылыктар
Сүрөтчүлөр союзу уюштурган республикалык күзгү көргөзмө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сүрөтчүлөр союзу уюштурган республикалык күзгү көргөзмө ачылды

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинде Сүрөтчүлөр союзу уюштурган республикалык күзгү көргөзмө ачылды. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналды. 

Көргөзмөдө ар түрдүү эмгектер орун алып, живопись, графика, скульптура, жасалга-колдонмо искусствосу жана башка жанрлар болуп жалпысынан 172 эмгек коюлду. Аны менен бирге салттуу ыкма дагы орун алды, жаңы табылгалар да бар. Бир катар сүрөткерлер Улуу Ата Мекендик согуш темасын жаңыча, стандарттуу эмес жол менен чагылдырууну чечкен. Сүрөт өнөрүнүн күйөрмандары алдыдагы бир ай бою кыл калем чеберлеринин эмгектери менен музейге барып жакындан таанышып кетсе болот.