Жаңылыктар
Ош шаарында залалсыздандыруу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында залалсыздандыруу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында бир нече айдан бери жүрүп жаткан коронавирус илдетин калк арасына жайылтпоо максатында 2020-жылдын 2-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда залалсыздандыруу иштери болуп өттү.

Тактап айтканда, Сулайман-Тоо, Манас-Ата, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймактарында жайгашкан борбордук базар, Кудайберген унаа тетиктерин сатуучу базары, Келечек, Бостон, Тешик-Таш базары атайын өрттүк техниканын жардамы менен, авто унаа кире албаган контейнерлердин арасын колдо чачуучу аппараттардын (пульверизатор) жардамы менен дезифекцияланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.