Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБи себеби жок өчпөйт эле...
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБи себеби жок өчпөйт эле...

Бишкек жылуулук борборундагы, 29-октябрда болгон окуя боюнча дагы деле эч кандай жыйынтык чыга элек. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров бүгүн Бишкек ТЭЦине экинчи ирет барды. Кайрадан жылуулук борборунун от казандарын баштан аяк көрүп чыгып, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнө өткөн аптада, борбордогу жарык менен жылуулуктун жапырт өчүшүнүн себептерин эки күндүн аралыгында аныктап чыккыла деген тапшырма берди.

29-октябрдан бери “карантин” деген жүйө менен маалымат каражаттарын киргизбей жаткан Бишкек жылуулук борбору бүгүн өкмөт өкүлдөрү менен кошо жоон топ журналисттерди кошо киргизди. Алгач вице-премьер-министр Равшан Сабиров баштаган тиешелүү мекеме өкүлдөрү, ал жердеги буу казандарды баштан аяк көрүп чыгышты.

Бул болсо ушул тапта коомчулукту кооптонтуп турган 9-генератордун түтүгү. Маалыматка караганда бул жабдык толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бирок белгисиз себептерден улам дал ушул от казанда күтүүсүз жагдай жаралган.

130 миңге чукул абонентке жылуулук жеткирген Бишкек жылуулук берүү борбору «Электр станциялары» ишканасына карайт. Ишкана өкүлдөрү айтмакчы «Бишкек» көмөкчордонуна энергия жиберген кабелдик линиялар чапташып калгандыктан автотрансформаторлор өчүп, жабдууларды коргоочу система иштеп кеткен жана отказандар менен турбоагрегаттар автоматтык түрдө токтоп калган.

Бирок “Түндүк электр” ишканасынын өкүлдөрү Бишкек жылуулук борборуна энергия жиберүүчү кабелдерди текшерип чыккан мезгилде, эч кандай бузулуп калган жери аныкталган эмес. Анын үстүнө 25 жылдык мөөнөткө кенебей иштеп берет деген жаңы кабелдердин иштеп жатканына болгону 2 жыл болду.

Ошону менен бүгүн дагы өткөн аптада борбордо болгон жарык менен жылуулуктун жапырт өчүшүнүн себептери аныкталган жок. Вице-премьер-министр УКМКга, Экотехинспецияга жана өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине, эки күндүн ичинде иликтөө иштерин бүткөрүп, себебин айткыла деген тапшырмасын берди.