Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылык, саясий толкундоолор менен бийлик алмашууга алып келди. Айрыкча шайлоо тилкесин өзгөртүүгө жол берген форма №2 коомчулукта катуу нааразычылык жаратты. 

Аны менен бирге босого пайыз жогору болгондуктан жүз миң добуш алган партиялар да парламентке келе албай калды. Мындан улам шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жаралып, жогоруда атйлган кемчиликтерди жойгон мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынган.