Жаңылыктар
Кадр даярдоодогу ката жоюлсун
Кыргызстан жаңылыктары
Кадр даярдоодогу ката жоюлсун

Мындан ары мамлекеттик кызматтарга кадр тандоо атайын сынактын негизинде гана жүргүзүлүп, мурдагыдай дос тууган же пара берүү аркылуу кызматка дайындоо түп-тамырынан жоюлат. 

Мындай талапты президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдрахман Маматалиевди кабыл алган учурда койду. Иликтөө көрсөткөндөй, кадрдык системадагы реформа 30 жылдан бери бир кадам да алдыга жылган эмес.