Коронавирус илдети кайрадан күч алып, чалдыккандар арбып барат. Бүгүн вирус 436 аныкталып, беш киши көз жумду. Ушундай эле көрүнүш дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да болуп, ооруга кабылгандар 46 млндон ашты.
Коронавирус илдети жаш-кары дебей, баарына бирдей кооптуу. Пандемия башталгандан бери 750дөн ашык бала коронавируска чалдыгып, бир жашка чейинки 2 наристе көз жумду. Ал эми азыркы тапта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 17 бала тумоодон дарыланып жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлердин айтымында, айрыкча, коронавирус жуктуруп, айыккан балдарга өзгөчө көңүл бурбаса, жаш организм калыптанбай калышы ыктымал.
Ошол эле учурда эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу өлкө боюнча орундар даярдалып жатат. Учурда ковид-19 инфекциясына кабылган бейтаптарга 5 миң 500 орун даярдалса, балдар үчүн 2 миң 380 орун бар.
Статистика көз чаптырсак, бир күндө коронавирус илдетинен 5 адам каза болду. Бишкек шаарынан 3, Баткен менен Талас облусунан бирден бейтап көз жумду. Ал эми өткөн сутка ичинде 436 адамдан коронавирус табылды. Муну менен өлкөдө жалпы ооругандардын саны 60 миңге чукулдап калды.
Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө коронавирус күч алып, илдеттен күнүнө миңдеген адамдар көз жумууда. Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзүндө 46,5 млн адам илдетке чалдыкса, 1,2 млн каза болду. Андыктан, маанилүү, ошол эле учурда жөнөкөй санитардык талаптарды аткаруу менен адам өзүн да, өзгөнү да оорудан коргосо болот.