Жаңылыктар
Президенттик шайлоого даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттик шайлоого даярдык

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке аттанган талапкерлердин документтерин 14-ноябрга чейин кабыл алат. Мамлекет башчысын шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ал арада беш талапкер Боршайкомго президенттик шайлоого катыша турганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин документтерин каттап жатат. Өлкө башчысына талапкерлер өзүн-өзү жана саясий партиянын атынан көрсөтүлөт. Талапкерлердин арызын кабыл алуу 14-ноябрга чейин жүргүзүлөт. 15-ноябрда мамлекет башчысына талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Президенттик шайлоого катыша тургандар Кыргызстандын жараны болууга тийиш, кош жарандуулугу болбошу шарт, соттолбогон, жашы 35ден жогору 70ден төмөн болбошу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы белгилегендей президенттикке талапкерлер 3-декабарга чейин кол чогултуп, БШКга тапшырышы керек. Кеминде 30 миңден ашык кол чогултуу зарыл. Борбордук шайлоо комиссиясы жети күндүн ичинде чогултулган колдордун анык экенин текшериши керек. Өлкө президентинин кызматына талапкерлерди толук каттоо 14-декабарда жыйынтыкталат. Шайлоо күрөөсү болсо 1 миллион сом. Аны талапкерлигин көрсөткөндөр 4-декабрга чейин төгүшү керек. 

Презитденттикке талапкер болууну каллагандарга чек коюлган эмес. Бүгүнкү күндө беш талапкер Боршайкомго президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Алар талапкерлигин өзүн-өзү көрсөткөн. Келерки аптадан баштап шайлоочулардын тизмеси түзүлө баштайт. Шайлоо мыйзамдарына кирген толуктоолорго ылайык форма 2 колдонулбайт. Бул деген эми жарандар катталган шайлоо тилкесинен гана добуш бере алат дегендик. Ошол эле учурда БШК президенттик шайлоону чагылдыра турган жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоодо. 

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин болот. 10-январь добуш берүү күнү.