29-октябрда Бишкек жылуулук борборунда болгон окуянын так себеби эки күндүн ичинде айтылышы керек. Мындай тапшырманы Бишкек ТЭЦин текшерүүгө барган вице-премьер-министр Равшан Сабиров тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнө тапшырды.
Ушуну менен Равшан Сабиров Бишкек жылуулук борборуна экинчи ирет келди. Бирок бүгүн дагы өткөн аптада борбордо болгон жарык менен жылуулуктун жапырт өчүшүнүн себептери ачыкталган жок. ТЭЦтин өкүлдөрү электр жарыгы өчкөн учурда 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткендиктен станцияга күч келип, жылуулук берүү токтогондугун кайталашты. Ал эми “Түндүкэлектр” ишканасынын өкүлдөрү Бишкек жылуулук борборуна энергия жиберүүчү кабелдерди текшерип чыккан мезгилде, эч кандай бузулуп калган жерлер аныкталбаганын билдирүүдө.
“Мен мына азыр айттым, өткөндөгү өчүрүү боюнча км күнөөлүү тактап бергиле 2 күндүн ичинде деп. Эми анын баары такталат. Эгер интригалар же башка дагы нерселер аныктала турган болсо, ар ким өз жумушуна карата жооп берет. Ошонун жыйынтыгы менен дагы карап чыгабыз”,- деди вице-премьер-министр Равшан Сабиров.