Жаңылыктар
Премьер-министр Баткендин Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр Баткендин Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты. 

Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суусу менен камсыз кыла турган объектинин курулушу 2019-жылы башталган. Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-жылдагы сугат мезгилине чейин насостук бекетти пайдаланууга берүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди тездетүү тапшырмасын берди. 

«Сугат суу маселесин чечүү менен биз жөнөкөй жарандардын жашоо шарты жакшырышына шарт түзөбүз, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө негиз болот. Ирригация тутумун жакшыртуу жана аларды модернизациялоо азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну шарттайт. Ошондуктан калкты сугат суу менен камсыз кылуу биздин артыкчылыктуу багытыбыз», – деп белгиледи Садыр Жапаров. 

Белгилей кетүүчү жагдай, насостук станциянын курулушу 85%га бүттү. Сугат суусу менен камсыз кыла турган объектини ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалды.