Өлкө аймагында бир нече айдан бери жүрүп жаткан коронавирус илдетин калк арасына жайылтпоо максатында 2-ноябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда залалсыздандыруу иштери болуп өттү.
Тактап айтканда, Сулайман-Тоо, Манас-Ата, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймактарында жайгашкан борбордук базар, Кудайберген унаа тетиктерин сатуучу базары, Келечек, Бостон, Тешик-Таш базары атайын өрттүк техниканын жардамы менен, авто унаа кире албаган контейнерлердин арасын колдо чачуучу аппараттардын (пульверизатор) жардамы менен дезифекцияланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.