Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы өрт коопсуздугу сакталбаган май куюучу бекеттерге айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусундагы өрт коопсуздугу сакталбаган май куюучу бекеттерге айып пул салынды

Өрт коопсуздугу сакталбаган май куюучу бекеттерге 42000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциясы билдирди.

Мамэкотехинспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Тоң жана Ысык-Көл райондору боюнча регион аралык башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекторлору тарабынан 2020-жылдын 29-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан май куюучу бекеттеринде контролдук текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында өрт коопсуздугун сактабаган бекеттердин жооптуу адистерине жалпы саны 42000 сом айып пул салынды. Ошондой эле өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.