Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык оорулары бар бейтаптарды пландаштырып жаткыруу менен дарылаган процесс токтотулду. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдады.
Аталган борбордун №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, чоң адамдардын гематология жана онкология бөлүмү, анестезиология жана реанимация бөлүмдөрү COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар жана кызматкерлер бар болгонуна байланыштуу карантинге жабылды. Тез жардамга муктаж болгон бейтаптарды жаткыруу кадимки режимде жүргүзүлөт.
"Химиотерапияны бөлүмдөрдө алган бейтаптар, аны алууну уланта беришет. Кайрадан кайрылгандар жана амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар поликлиникада дарыланышат. Оор абалдагы бейтаптар кайрыла элек, алар профилдүү бөлүмдөргө жайгаштырылат", - деп билдиришти ооруканадан.
Онкологиялык илдети барларга атайын медициналык жардам көрсөтүү үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун ичиндеги бөлүмдөрдө орун алмаштырылууда. Балдарды амбулатордук түрдө кабыл алуу үчүн №4 корпустун бир бөлүгү, кайрадан келген балдар үчүн №12 бөлүмдүн бир бөлүгү берилди, онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты тез жардамга муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн берилди.
Оорукананын ооруларды текшерип жана диагноз койгон бейтапканасы штаттык режимде иштеп жатат. Кыргызстанда жылына 3 миңдей адамда рак оорулары аныкталат, алардын жарымынан көбүнүн оорусу күчөп кеткен стадияда дарыгерлерге кайрылышат. Жалпы каттоодо 25 миңден ашуун рак оорулуу турат.