Жаңылыктар
Тартип сактоо тармагындагы погончон айымдардын кызматы
Кыргызстан жаңылыктары
Тартип сактоо тармагындагы погончон айымдардын кызматы

Милиция кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи. Тартип сакчыларынын алдыңкылары атайын сыйлыктарга ээ болушту. Кыргыз милициясынын дээрлик бир кылымдык тарыхы бар. Ал эми 1-ноябрды майрам катары алар 27 жылдан бери белгилеп келе жатышат.

Эже-сиңдидей ээрчишкен эки кызматкер ар бир иш күнүн бирге өткөрүшөт. Алар кесиптик майрамы болгон күнү дагы коомдук тартипти камсыздап, кызматта болушту. Себеби эреже бузган көрүнүш майрамга карабайт, ар дайым кездешет.