Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-ноябрь күнү саат 00:05те Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.