Жаңылыктар
Чүй облусунда билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын балансына спонсорлор тарабынан курулган билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

2020-жылдын 31-октябрында Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Токбай айылында комплексти Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүү боюнча иш-чара болуп өттү.  

Белгилесек, 2018-жылы «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетинин спонсорлорунун эсебинен Токбай айылында билим берүү комплексин салган. Алгач бул жерде жетим балдар окутулаары каралган. Бирок 2 жыл аралыгында ар-кыл бюрократиялык себептерден улам комплексти мамлекетке өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон эмес.

Мындан бир канча күн мурда «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровго аталган маселе менен кайрылып, ал аркылуу маселе ыкчам чечилген.

Премьер-министрдин Басма сөз катчысы Дастан Дюшекеев Садыр Жапаровдун атынан Нурмухамед Миңбаевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев маалымдагандай, курулушка – 2 млн АКШ доллары, анын ичинде уникалдуу жабдууга 400 миң АКШ доллары тартылган. Комплекстин курамына 250 орундук жатакана, фельдшердик-акушердик пункт, жабдылган тигүү жана эмерек цехтери менен окуу комплекси, компьютердик класс, китепкана жана от казандар кирет.  Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан аянты 1 га саналган жер тилкеси бөлүнгөн.

Жакынкы мезгилде аталган комплекс кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдаланылаары болжолдонууда.