Бул жумада Бишкекте күн ачык болот. Синоптиктердин айтымында, аба ырайы жылуу болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Маалыматка караганда, 1нен 4-ноябрга чейин Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 4-ноябрда күндүз Чүй облусунда күн бузулуп, кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда кайрадан күн ачылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-ноябрда кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Адаттагыдан суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында болсо, апта ичинде өлкөнүн түштүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми Ысык-Көлдө 1-4-ноябрда түнкүсүн күн ачык болот. Бирок 4-ноябрда күндүз, 5-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз күн ачык болот. Ошондой эле, тоолуу Нарын облусунда дагы бул жумада жаан-чачын көтүлбөйт. Апта аягы, 6-7-ноябрь күндөрү, өлкө аймагында абанын температурасы бир аз жогорулайт.