Жаңылыктар
Таластын Кайнар айылындагы талаадан жергиликтүү тургундар пеликан кармашты
Кыргызстан жаңылыктары
Таластын Кайнар айылындагы талаадан жергиликтүү тургундар пеликан кармашты

Таластагы Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы айдың талаадан жергиликтүү тургундар кызыл китепке кирген пеликан же бирказан канаттуусун кармап алышты. 

Адистердин айтымында бул канаттуу Кыргызстан жергесин жердебейт жана өлкөгө жакын чөлкөмдөрдө өтө сейрек кездешкендиктен кызыл китепке кирген. Божомолдорго караганда Казакстандын Балхаш аймагынан чыккан канаттуулар тобу жылуу жакка сапар алып бара жатканда өз үйүрүнөн белгисиз себептер менен калып, Талас өрөөнүндө адашып калышы мүмкүн. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Таластагы башкармалыгы бул канаттууга кам көрүп, Бишкектеги реабилитациялык борборго жөнөттү.