Жаңылыктар
Сокулук районунда жаңы билим берүү комплекси пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулук районунда жаңы билим берүү комплекси пайдаланууга берилди

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 300дөй жергиликтүү тургун жашаган Токбай айылында жаңы билим берүү комплекси пайдаланууга берилгени турат. 

Айылда ушул күнгө чейин толук кандуу орто мектеп болгон эмес. Башталгыч класстар чакан мектептен билим алышып, 5-класстан баштап, кошуна айылга автобус менен каттап окуп келишет. Эки жыл мурда бир гектардан ашык аянтка Кувейт мамлекетинин каржылоосу менен жалпы суммасы 2 млн долларга билим берүү комплекси салынган.

Анын ичинде кыздарга, балдарга ылайыктуу эки жатакана, устачылык менен алектенүүгө атайын жабдуулар менен жабдылган бөлмө, тигүү цехи жана нан жана татуу азыктарды бышыруучу цех бар. Комплексе жалпы суммасы 400 млн сомдук заманбап техникалар орнотулган. Имарат билим берүү жана илим министрлигинин балансына өттү. Мындан улам министрлик бул жерде бардык шарты бар даяр имарат болгондуктан кесиптик техникалык окуу жай ачууну көздөп турат. Азыркы тапта имаратка кошумча каражат сарптоонун кереги жок. Анда кесип үйрөнүүчү бөлмөлөр, жатаканалар жана компьютердик бөлмөлөр толугу менен керектүү техникалар менен жабдылган.