Бир эле учурда коронавирус инфекциясы менен сасык тумоого чалдыккан организм ооруну жеңе албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Британиялык дарыгерлердин малыматына таянып РИА Новости басылмасы жазды.
Дарыгерлердин айтымында, эки оору тең бир убакта кездешкен учурлар катталууда. Мындай болгондо бейтап ден соолугун калыбына келтиргиче көп убакыт керек жана бул көрүнүш өлүм көрсөткүчүн жогорулатууда. Эки оорунун таасири 65 жаштан жогору адамдарга, кош бойлууларга, ошондой эле диабет, астма жана жүрөк оорулары менен жабыркагандарга көп тиет. Мындан улам, ооруну алдын алуу үчүн дарыгер социалдык аралыкты сактап, бет кап кийүүгө чакырышат.