«Смарт Салым» долбоорун ишке ашыруу алкагында Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов райондорунун салык органдарындагы «Бирдиктүү терезе» модернизизацияланган тутумунун иши менен таанышты. Бул тутум заманбап санариптик чечимдерди пайдалануу менен салык органдарынын жана салык төлөөчүлөрдүн өз-ара аракеттешүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн форматын камсыздоого багытталган.
Артем Новиков аталган «Бирдиктүү терезе» тутумун республиканын бардык аймактарында жайылтуу зарылдыгын белгилеп, 2020-жылдын соңуна дейре салык төлөөчүлөрдү тейлөөчү бирдиктүү көп функционалдуу борборду ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.