Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Мамлекеттик салык кызматынын үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынынын ишине катышты. Биринчи вице-премьер-министр салык кызматы тарабынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча кабыл алынып жаткан күч-аракеттерге оң баасын берди, буга бир катар кемчиликтерди көрсөтүү менен салык кызматынын ишиндеги жакынкы мөөнөткө карай артыкчылыктарды белгиледи.
Салык кызматы «жазалоочу органдын» образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн тейлөө көрсөтүүчү органга айланышы керек. Салык кызматын реформалоо салык администрациясын санариптештирүү, ошондой эле «Смарт Салым» салыктык башкаруунун санариптештирүү долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнү электрондук аралыктагы форматка ыкчам өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат.
Өкмөт тараптан салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, салыктык текшерүү жана аппеляциялык арыздарды кароо функциясын аутсорсингге өткөрүп берүү, ошондой эле салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүү боюнча чечимдер сунушталат. Бизнес салык орган кызматкерлеринин укук ченемсиз иш-аракеттеринен максималдуу түрдө корголушу керек. Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылга карай салыктык түшүүлөр жана камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча милдеттер толук көлөмдө ишке ашырылыш керек. Артем Новиков колдогу резервдерди аныктоо жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу зарылдыгын белгилеп, эки жумалык мөөнөттө тийиштүү иш-аракеттер планын киргизүү тапшырмасын койду.
Өкмөттүн жакынкы жылдарга бюджеттик процесстердин туруктуулугун камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдети белгиленди.