Билим берүү жана илим министрлиги Пакистан тарап менен сүйлөшүп, кара тизмеге кирген жогорку окуу жайлардын билим сапатын карап чыгат. Андан соң тараптар мындан ары эл аралык келишимдер кандай негизде ишке ашаарын чогу аныктайт. Эскерте кетсек Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды кара тизмеге киргизген. Анын себебин Пакистан тарап, диплом алган кесип ээлеринин тажрыйбасы талапка ылайык жооп бербей жатканы менен түшүндүргөн.