Жаңылыктар
Тышкы карызды төлөөнүн жол-жоболору
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы карызды төлөөнүн жол-жоболору

 Учурда өлкө экономикасынын өсүү ыргагы басаңдап, буга улай эле ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрү да көңүл жылытаарлык эмес. Коронавируска байланыштуу Кыргызстан кайрадан эл аралык каржы институттарынан насыя алууга мажбур болду. Андыктан, өлкөнүн тышкы карызы азыркы учурда эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 4,8 млрд долларды түздү. Тышкы карызды төлөө мөөнөтү да жакындап, өкмөт учурда анын жол-жоболорун иштеп жаткан кези.