Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, казынадагы каражатты көмүскө жолдор аркылуу сыртка чыгаруу, салык төлөөдөн качуу. Каржы полициясы узаган аптада аталган фактылар боюнча бир топ кылмыш ишин козгоп, көмүскө иштегендердин бетин ачты. Казынага түшпөй кымырылып калган эки миллиард сомдон ашуун зыян аныкталды.