Жаңылыктар
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Пандемия маалында сырттан 343 млн доллар келип түшкөн
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: Пандемия маалында сырттан 343 млн доллар келип түшкөн

Пандемия маалында тышкы жардамдардын эсебинен мамлекеттик бюджетке 343 млн доллар келип түшкөн. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. 

Насыянын басымдуу бөлүгү бюджетти колдоого сарпталды. Анын 19,5 млрд сому мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарына айлык акы катары берилди. Аны менен катар ковид маалында иштеген дарыгерлерге кошумча төлөм катары да ири суммадагы каражат коротулду. Бул арада вирустан коргонуу максатында жеке каражаттар дарылар сатылып алынды. Азыркы тапта мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудай жана дарылардын бир нече түрү сатылып алынды. Быйылкы жылдын эсебинен бардыгы болуп 774 млн доллар сырттан жардам келээри пландалган. Иш жүзүндө анын жарымы которулду.

"Каражаттын көпчүлүгү коронавирустан сактануу жана андагы санитардык талаптарды так аткаруу иштерине сарпталды. Биз ири суммадагы каражатка жеке коргонуучу каражаттарды сатып алдык. Мындан сырткары республика боюнча ковидге каршы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Дары-дармектерден сырткары азык-түлүк коопсуздугун да эске алып, буудайдын запасын көбөйткөнгө басым жасадык",- деди Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.