Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 29-октябрында, саат 20.00дөн баштап, Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары бардык мамлекеттик чек ара периметринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдады.
Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ар бири үчүн кызыкчылык туудурган маалымат алмашууну чыңдап, мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт. Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча ыкчам кабар алган иш сапарга чыгып, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында учурда кырдаал туруктуу.