Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл акваториясынын 39, 40, 41- балык уулоо участокторунда мыйзамсыз салынган ээси жок кытай өндүрүшүндөгү ячья 5х5 см болгон 120 даана, жалпы узундугу 12000 метр балык уулоочу торлор чечилди.
Жыйналган торлор механикалык жол менен жок кылынды. Ошондой эле иш-чара жүрүшүндө көл жээгиндеги жергиликтүү балык сүйүүчүлөргө көлмөлөрдө ышкобоздук жана спорттук балык кармоо эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп эскертүүлөр берилди.
Эскерте кетсек, Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары,Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 28-октябрындагы №33-19/172 сандуу буйругунун негизинде, башкармалыктын экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлору тарабынан браконьерлике каршы күрөшүү иш-чарасы жүргүзүлдү.