Жаңылыктар
«ЭлТРдин» директору Шатманова кызматтан бошотулуп, жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
«ЭлТРдин» директору Шатманова кызматтан бошотулуп, жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Шатманова Шаиста Рахманбердиевна ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Эрлан Догдурбеков «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы жаңы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.