Ээнбаштыкка шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгы кылмыштарды алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүп, анын алкагында, куралды мыйзамсыз алуу, колдонуу менен ээнбаштыкка шектелген топтун мүчөлөрүн кармашты.
Алар коомдук тартипти камсыздоо милдетин аткарып жаткан бийликтин өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө да шектелүүдө. Маалыматка ылайык, эки криминалдык топтун мүчөлөрү бири-бири менен Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун аймагында ок атышуу менен чыр чыгарышкан.
Бул Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине эки факты менен катталып, Сузак райондук милициясы сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми ыкчам-иш-чаралардын жүрүшүндө 27-октябрда эки кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды. Алардын төртөө бир, экөөсү башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.