Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Аналитикалык борборунун ачылыш аземи өттү.
Аналитикалык борбор баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарга каршы күрөштө статистикалык жана аналитикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн. Борбордун түзүлүшү аналитикалык бөлүк тарабынан даярдалган материалдардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле кызматкерлердин аналитикалык жана эксперттик мүмкүндүктөрүн кеңейтет.
Салтанатта вице-премьер-министр Максат Мамытканов борборду түзүүгө көмөк көрсөткөн эл аралык донорлорго ыраазычылык билдирди, алардын биргелешкен күч-аракетинин негизинде кызмат жаңы он унаага, техника менен жабдылган Аналитикалык борборго ээ болгонун айтты.