Жаңылыктар
Тиричилик буюмдарын сатып алуу жана турак-жайды оңдоого алынган насыялардын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тиричилик буюмдарын сатып алуу жана турак-жайды оңдоого алынган насыялардын саны өсүүдө

Кыргызстанда керектөө насыяларынын көбү тиричилик буюмдарын сатып алуу жана турак-жайды оңдоп түзөө максатында алынып жатат. Ошондой эле быйыл дарылануу үчүн каражат алгандар көбөйдү. Өлкө жарандарына сегиз айдын ичинде каралган керектөө насыясынын көлөмү 16 жарым миллиард сомду түздү.

Айыл чарба программасы, ишкерлик, ипотека өңдүү багыттардан сырткары банктар керектөө үчүн да насыя берет. Каражатты жарандар кандай максатта колдоноору да белгилүү.