Жаңылыктар
Элдик курултай: "Конституциялык реформа - мезгилдин талабы"
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик курултай: "Конституциялык реформа - мезгилдин талабы"

"Конституциялык реформа - мезгилдин талабы". Бишкек шаарында ушундай ураан менен элдик курултай өттү. Жыйынды бир нече коомдук уюмдар биригип уюштуруп, жети дубандан делегеттар шайланып чакырылган. Анда кандай маселелер көтөрүлдү?

Курултайдын күн тартибине үч маселе коюлган. Биринчиси 5-6-октябрдагы окуялардан кийинки өлкөдөгү абал, экинчи элдик башкарууга өтүү - мезгилдин талабы, үчүнчү жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселеси.