Өкмөттүн түзүмү жана курамы конституциялык мыйзамдар менен аныкталып, ар биринин ыйгарым укуктары укуктук нормативдик актыларда так аныкталган. Ар бир министрлик, мекемелерге аткарган иштерине жараша милдеттенмелери бар. Ошондой эле, мамлекеттик мекемелерге жетекчилик кызматка бара жаткан жактарга да тиешелүү эреже,талаптар коюлган.
Күн мурун парламенттин кезектеги жыйынында жаңы өкмөттүн мүчөлөрү ант беришти. Мына ушул учурдан тарта алардын ыйгарым укуктары толук кандуу ишке кирди деп эсептелет. Мындан сырткары парламент депутаттары жыйында вице-премьерлик кызматка жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкерлерди таразадан өткөрүштү.