Өкмөт кыска мөөнөттө натыйжа көрсөтүүгө тийиш. Мындан улам Премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров айрым министрлердин алдына так тапшырмаларды койду. Бул маселелер өкмөттүн жаңы курамынын алгачкы отурумунда талкууга алынды. Биринчи кезекте экономиканы турукташтыруу, экономикалык төмөндөөлөрдү кыскартуу, инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо, азык-түлүктүн бааларына катуу көзөмөл салынат. Бул үчүн өкмөт чечкиндүү чечимдерге барып, эки негизги кадам менен натыйжага жеткени турат.
Өкмөттүн алдында учурда бир катар маселелерди кыска убакытта жөнгө салуу милдети турат. Биринчи кезекте экономиканы турукташтыруу аракети көрүлөт. Садыр Жапаров экономиканын абалы катуу ойлондуруп жатканын белгилеп, макроэкономикалык жагдай да жакшы эместигин билдирди. Себеби тармактар боюнча төмөндөөлөр бар. Мындан улам кыска мөөнөттө иштин натыйжасын көрсөтүүгө тийишпиз деген Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн бир күндү да текке кетирбей, ишти сапат менен көрсөтүүгө чакырды.