Өлкөнүн бюджетинин тартыштыгы 35,6 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.
Учурда 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 137,2 миллиард сом. Ал эми чыгаша бөлүгү 172,8 миллиард сомго жетти, муну менен мурда кабыл алынган бюджетке дагы 9,7 миллиард сом кошулуп жатат. Анын натыйжасында бюджеттин тартыштыгы 35,6 миллиард сомду түзүп, дефициттин көлөмү дагы 7,9 миллиард сомго көбөйдү. Ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясы тогуз айда 400,2 миллиард сом болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөнү маалым болду.
Белгилей кетсек, республикалык бюджетке ушуну менен экинчи ирет өзгөртүү киргизилип жатат. Коронавирустун кесепетинен улам июнь айында дагы өзгөртүү киргизилип, бюджеттин тартыштыгы 27,6 миллард сом менен бекитилген.