Бишкек жылуулук электр борборунда эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен. "Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ЖЭБден буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев. Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктаганын, бүгүн жылуулук берүү калыбына келе турганын айтты.
Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13:10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштаган. Анын айынан жол чырактар иштебей, жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек жылуулук электр борборунун кернейинен оргуштап буу чыккан. Азыркы тапта жылуулук жана жарык берүү жагынан эч кандай маселе жок. Убактылуу ыңгайсыздык калыбына келтирилди.
"Биз убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз, азыркы тапта бардыгы калыбына келди. Буу казандардан буу чыгарып туруу буга чейин да болгон. Азыркы тапта аларды бир калыпта иштетүү үчүн адистер жеринде иш алып барууда",- деди "Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева.