Ош облусунун Алай районунда Памирден келген кыргыздар үчүн курулган турак жайлар пайдаланууга берилди. Учурда Талды-Суу айылындагы 1,5 гектар жерге 11 үй курулуп бүткөрүлдү. Эске салсак, 2017-жылы октябрь айында Нарынга Улуу жана Кичи Памир аймактарынан боордоштор билим алуу максатында алып келинген.
Былтыр дагы 11 үй-бүлө көчүп келип Сары-Могол айылындагы Алимсеитов мектебинин эски имаратына жайгаштырылган. Быйыл республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп памирликтер үчүн үйлөр курула баштаган.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов узундугу 11 метр, туурасы 9,60 метр болгон төрт бөлмөлүү үйлөр жылытуу системалары менен кошо орнотулганын билдирди. "11 үйдүн сегизи Нарындан көчүрүлүп келгендерге, үчөө Сары-Могол айылында жашап жаткан үй-бүлөлөргө берилди. Жети үй толугу менен бүткөрүлсө, калганын актоо, сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат", — деди айыл өкмөт башчысы.