Жаңылыктар
Ылдамдыкка байланыштуу ача пикир
Кыргызстан жаңылыктары
Ылдамдыкка байланыштуу ача пикир

Кээ бир жолдордо унаалардын саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүшүнө уруксат берүү боюнча өкмөттүн токтому аткарыла элек. Айрым айдоочулар аталган маселе боюнча сот органдарына кайрылууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалык тиешелүү жол белгилери коюлмайынча мурдагы эреже өзгөрбөй турганын билдирди. Инфротүзүмгө жооптуу Транспорт жана жолдор министрлиги болсо ага каражат керектелээрин белгиледи.