29-октябрдан тарта борбор калаада карызы бар миңдеген абонентке электр энергиясы берилбейт. Бишкек шаарынын электр энергия сатуу кызматы "Акылдуу эсептегич" орнотулган үйлөрдүн жарыгын аралыктан туруп өчүрмөкчү. Ошол себептен энергетиктер ар бир кардарды карызын кечиктирбестен төлөө керектигин эскертет.