Маданият - Жалал-Абад жолунун 12 чакырымына асфальт төшөлдү. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жолдун быйылкы жылга карата белгиленген Сузак жана Базар-Коргон райондорунун аралыгындагы 20 чакырым жолго асфальт төшөлөт.
Азыркы учурда анын 12 чакырымында жумуш аяктады. Белгилей кетсек, жол оңдоого Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 60 млн доллар каражат бөлгөн. Анын тендердик наркы 51,6 млн доллар деп бааланып, жумушту азербайжандык компания аткарууда.