ЕАЭБ аймагында 2021-жылы мигранттар жумуш таап алууга ылайыкталган тиркемени ишке киргизишет. Бул туурасында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
ЕАЭБге мүчө-өлкөдө жашаган ар бир адамдын жумушту тез таап алышына ылайыкталган ресурстардын мобилдик тиркемеси дээрлик даяр. Евразиялык экономикалык комиссия быйыл "Работа без границ" деп аталган жумуш издеген порталды ишке киргизген.
Мишустин ЕАЭБди түзүүдө төрт алым-катташты эркин орнотуу боюнча макулдашуу болгондугун белгиледи. Биримдикти түзүүдө товарлардын эркин өткөрүлүшү, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин болушуна шарт түзүү маселеси күн тартибинде турат.