Ысык-Көл облусунда COVID-19 боюнча абал курч бойдон сакталууда. 28-октябрга карата жалпы облус аймагында отуз бир адамдан бул илдет аныкталса анын жыйырма беши тастыкталган корановирус болуп чыкты.
Эң көп учур Каракол шаарында, Ак-Суу жана Тоң райондорунда болууда. Дарыгерлердин билдирүүсүндө илдеттин көп катталышына жарандардын өздүк гигиенаны сактабай көчөдө бет кабы, кол кабы жок жүргөндөр абалга терс таасирин тийгизип жатат. Мындан сырткары кафе, ресторандар тыюу салынганына карабай той, аш өткөрүп оорунун очогуна айланууда. Мындан улам облустук штабдын мүчөлөрү текшерүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантып жатышат. Анын жыйынтыгында жалпы 286 объектиге айып акчалар салынды. Айрым тойканалар эрежени бузгандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан изилденип, иштери сотко өттү.
"Азыр бизде ооругандардын саны күн сайын отуздун тегерегинде болуп жатат. Бүгүнкүнү алсак 25 адам корановирус жана 6 адам өпкөнүн каганышы менен чыгып атат. Кечөө мисалы 38 адамдан чыккан. Азыр бизде 200 адамдын анализи турат. Ал эми эртең кандай чыгып келет белгисиз",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Жибек Жайламышева.
"Бүгүнкү кырдаал Ак-Суу менен Тоң райондорунда кичине оорураак болуп атат. Эмне дегенде күнүнө эки, үч адам чыгып атса дароо эле ондон адам чыгып атат. Мындан улам түшүндүрүү иштери күчөтүлүп жатат. Коомдук жайларда, массалык иш чараларды, той топурларды азайтуу маселелсин коюп жатабыз. Бирок эми ден соолук баарыбыз үчүн башкы байлык, андыктан ар бир адам буга жоопкерчиликтүү мамиле жасасак",- деди Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев.